Биз менен байланышыңыз

Токаев: Көчмөндөр оюну үчүн кыргыз боордошторго ыраазычылык билдирем

Кыска кабар | 8 Сен 2024 | 332 | 0

Бүгүн, 8-сентябрда Казакстандын Астана шаарында дүйнөлүк V көчмөндөр оюнунун расмий ачылышы болду.

Анда казак президенти Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөп, “Көчмөндөр оюнун дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан кыргыз бир боорлорума рахмат айтамын», — деди.

Ошондой эле, Көчмөндөр оюну -дүйнөлүк көчмөн маданиятынын Олимпиадасы экенин да айтып өттү.

Дүйнөлүк V көчмөндөр оюнунун ачылышына президент Садыр Жапаров да катышууда. Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн президенттери да чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM