Биз менен байланышыңыз

1-сентябрдан баштап бир катар товарлар милдеттүү түрдө акциздик маркаланууга тийиш

Кыска кабар | 31 Авг 2024 | 250 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 1-сентябрынан тартып, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы токтомуна ылайык, бир катар продукциялар үчүн милдеттүү акциздик маркалоо киргизиле тургандыгын маалымдайт.

Көрсөтүлгөн күндөн тартып өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар акциздик марка менен товарлардын төмөнкү түрлөрүн маркалоого милдеттүү:

— ТЭИ ТН 2403 товардык позициясына киргизилген түтүктүү тамекитартуучу тамеки, жыттоочу, кальяндык (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекини кошпогондо);

— ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 жана 3811210000 товардык позициясына киргизилген майлоочу майлар, башка майлар, битумду камтыган тектерден алынган мунайды же мунай продуктыларын камтыган майлоочу майларга кошундулар.

Бул маркаланбаган товарлардын калдыктарын акциздик маркалоо киргизилген учурдан тартып 6 ай өткөндөн кийин жүгүртүүгө тыюу салынаарына көңүл бурабыз.

Акциздик маркаларды алуу боюнча толук маалыматты (0312) 61-17-94 номери аркылуу алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM