Биз менен байланышыңыз

Ошто 15 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлап, кыйнагандар кармалды

Кыска кабар | 29 Авг 2024 | 273 | 0

Ошто милиция зордук-зомбулукка кабылган 15 жаштагы кыздын окуясына байланыштуу 4 шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Акыйкатчы Ош шаарында 15 жаштагы кызга карата топ кыздар зомбулук көрсөтүп, күч колдонуу менен белгисиз даректе кармашкан жана сойкулукка мажбурлаган деп маалымат таратып, бул факт боюнча Ош ОИИБи иликтөө иштерин баштаган болчу.

Белгиленгендей, милициянын ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында окуянын жагдайлары аныкталып, 15 жаштагы кызды сойкулук кылууга мажбурлоо аракеттери болгондугу билинди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси («Сойкулук кылууга тартуу») менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин натыйжасында 21 жаштагы Э.Б., 23 жаштагы К.М., 20 жаштагы Ш.Н. жана 18 жаштагы М.М. аттуу жарандар бул кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

«Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат, калган тиешеси бар адамдар менен тергөө амалдары улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM