Connect with us

Кыргызстандын картошкасын Өзбекстанга экспорттоо талкууланды

Кыска кабар | 28 Авг 2024 | 162 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде картошка экспорту боюнча башталыш жыйыны өттү.

Жыйын офлайн жана онлайн форматтарда өткөрүлдү. Ага Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Темирбеков, картошка өндүрүүгө адистешкен агрокомпаниялардын өкүлдөрү, дыйкандар жана экспорттоочулар, ошондой эле министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана райондордун айыл чарба өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз картошкасынын эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү, тоскоолдуктар жана аларды жоюу жолдору, өзгөчө Өзбекстанга экспорттоо жагы талкууланды. Ошондой эле жаңы өнөктөштөрдү табуу жана сатып алуучулар менен келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Өндүрүштү жакшыртуу, калибрлөө цехин түзүү жана Россия Федерациясындагы соода өкүлчүлүгү менен кызматташуу боюнча милдеттер коюлуп, Министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө бул милдеттерди аткаруу үчүн тийиштүү тапшырмалар берилди.

Кийинки кеңешме ушул жылдын сентябрында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM