Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жакынкы бир саатта катуу шамал болушу күтүлүүдө

Кыска кабар | 28 Авг 2024 | 170 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Бүгүн, 28-августта күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болууну эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM