Биз менен байланышыңыз

Бишкек Жылуулук электр борборуна 180 миң тонна көмүр келди

Кыска кабар | 27 Авг 2024 | 134 | 0

Бишкек Жылуулук электр борборуна 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында көмүр келе баштады. Учурда Бишкек ЖЭБде «Агулак» участкасынан, Миң-Куш кенинен 180,0 миң тонна көлөмүндөгү жогорку калориялуу көмүр келип жатат.

Ошондой эле импорттук «Д» маркасындагы көмүрдү 250,0 миң тоннага, «Кыргызкөмүр» МИ менен Кавак көмүрүн алып келүүгө 520,0 миң тоннага келишимдер түзүлүп, 50,0 миң тонна көлөмүндө кыргыз көмүрүн алганга тендер жарыяланган.

Ал эми 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн 1 000 000 тонна көмүр, 110 679 млн м³ газ жана 8 000 тонна мазут менен электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жеткирүүлөр белгиленген графиктерге ылайык, 2024-жылдын августунан 2025-жылдын мартына чейин жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 194,0 миң тонна көмүр бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM