Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдү сүзүп өткөн Максат Cуеркулов менен маек

Блог | 26 Авг 2024 | 373 | 1

Бир канча жылдан бери спорттун триатлон түрүнөн машыгып келе жаткан Максат Суеркулов ушул жылдын 10-августунда NOMAD SPORT спорттук уюму уюштурган SWIM CHALLENGE 2024  иш-чарасынын алкагында Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкты сүзүп өткөн. Көлдө сүзүп өтүү талыкпаган эмгекти, даярдыкты жана күжүрмөндүктү талап кылат экен деген каарманыбыз  Максат 15 чакырым аралыкты 7 сааттан ашык убакытта сүзүп өткөн. каарманыбызга MEDISTOM стоматологиялык клиникасы демөөрчүлүк кылган. Ал кандай даярдык болгонун, сүзүп баратканда кандай ойлор келгени тууралуу айтып берди.

2021-жылдан бери триатлон менен машыгып келем. Анда ар кандай аралыктар бар. Триатлондо эң башкы IRONMAN (темир адам) деген наамы бар. Ага жетүү үчүн  3800 метр аралыкты деңизде сүзүп, 180 чакырымды велосипед менен өтүп, 42,2 чакырым чуркоо керек. Мунун баарына бир убакыт берилет, жалпысынан 17 сааттын ичинде маарага жетүү зарыл. Эгер 17 сааттын ичинде жетишпей калсаң темир адам наамы берилбей калат. IRONMAN даражасына жетүү үчүн эки жылдай машыктым. Былтыр Италияга барып, көптөн күткөн даражаны алып келгем.

Андан кийин ал жактан алган шыктанууну жок кылып албаш үчүн дагы бир нерсе жасоо керек болду. Себеби ошол нерсеге максат коюп, ошого жетүү үчүн талыкпастан эмгек кылып, аракет кылат экенсиң.

Менде мурадатан Ысык-Көлдү сүзүп өтсөмбү деген максатым бар эле. Бирок азыр эмес, кийинчерээк деп ойлоп жаткам. Ушул жылы кышында Мэлс Эркинбек досум “көлдү сүзүп өтөлү”-, деп чакырып, сунуштагандыктан макул болгом.

Каттоодо кишинин саны боюнча да чектөө бар. Бир жылда 15 киши гана каттала алат. Ага да кезек көп экен. Эл аралык бир иш-чара болгондуктан, быйыл Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан да катышууга меймандар келген.

Акыркы эки ай катуу даярдык болду, күн сайын бассейнде 3,5-5 чакырым сүзүп, дем алыш күндөрү көлгө барып даярданып жаттык.

10-август күнү Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылындагы жээктен, таңкы саат 6:00дө Тору-Айгыр айылын көздөй жолго чыктык. Эки айылдын аралыгы 14 чакырымды түзөт экен. Мен бул аралыкты 7 саат 52 мүнөттө сүзүп өттүм.

Алгачкы бир чакырым кыйын болду. Сүзүп баратып, өзүм менен диалог куруп жаттым. Бир оюм «алдыда дагы 14 чакырым бар, эмне кыласың, ушул жерден  эле кайта бер» десе, экинчи оюм «Финиште сага ишенген, сага дем-күч берген үй-бүлөң, жакындарың күтүп турат. Бул сенин максатың, жетүүң керек» дейт. Ортосуна келгенде өзүмө толук ишендим, анткени суу да, аба ырайы да жакшы болуп жатты. Көлдү сүзүп өтүү менин эң чоң жетишкендигим жана муну сыймыктанам.

Фиништин ырахатын сөз менен айтуу кыйын, анткени алдыга койгон максатыңа жеткенде андагы сезимдер өзгөчө.

Мындай узак аралыктагы сүзүүдө ар бир адамдын жанында коштоп жүргөн адам болот. Алар спортчуга багыт көрсөтүп, суу, азык берип турат.

Марага ийгиликтүү жеттик, алгач 5 сааттын аралыгында машыктыруучулар келди. Андан кийин биз келдик.

Бул жерде да белгиленген убакыт бар 8 сааттын ичинде жээкке жетүү керек. Эгер жете албай калсаң уюштуруучулар өзү суудан алып чыгат.

Машыктыруучулардын да дем-күчү сүзүп өтүүбүзгө чоң жардам болду. Себеби машыгуу учурунда да сүзүп өтөм деген толук ишеним болбойт. Анткени бизден көз каранды болбогон учурлар болуп калат, аба ырайы, көлдөгү толкун менен агымдар, суунун температурасы да маанилүү.

1 пикир

1 пикир

  1. Атан Бактыбек

    27.08.2024 17:18

    Азаматсын Максат биз сени менен сыйиыктанабыз денсоолукта бол иштерине ийгилик уйбулоолук бакыт таалай каалайм!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM