Биз менен байланышыңыз

Чүйдө мугалимдер жана мамкызматкерлер үчүн медиасабаттуулук боюнча семинар өткөрүлдү

Коом , Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 725 | 0

Чүйдө Аламүдүн жана Сокулук райондорунан келген 20дан ашык райондук администрация өкүлдөрү, журналисттер, мугалимдер үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулукту артыруу үчүн эки күндүк семинар өктөрүлдү.

Окутуунун алкагында, cынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрү, жалган жаңылыктарды айрымалай билүү, такталбаган маалыматтарды заманбап ыкмалар менен аныктоо, критикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүн өздөштүрүүгө багытталган теориялык жана практикалык сабактар өтүлдү.

Мындан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлиги этностор аралык мамилени чыңдоого багытталган «Кыргыз жараны” концепциясы тууралуу маалымат беришти.

Семинардын катышуучусу Сокулук районун Сары Өзөн айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Назира Сыдыгалиева  семинар тууралуу мындай пикрин билдирди.

«Биз үчүн өтө пайдалуу болуп жатат. Себеби, маалыматтарды талдоонун үйрөндүк. Азырыкы интернет заманында сынчыл ой жүгүртүү маанилүү экен. Мен эми жаңылыктын так же жалган экенин аныктай алам».

Белгилей кетсек, окутуу БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлар Бирлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен “Социалдык биримдик үчүн улуттук өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM