Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен электр энергиясын аз сарптаган мектептер курулууда

Билим-маданият | 22 Авг 2024 | 792 | 0

Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун  алкагында 2024-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылындагы №125-Боболашкар мектебинин жана Өзгөн районунун Ана-Кызыл №57-А.Өмүрзаков атындагы мектептин  жаңы имараттарынын курулушу башталды.

Жаңы курулган мектептер жер титирөөлөргө  туруштук берет, электр энергиясын аз сарптайт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт жана санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт.

Мектеп гана эмес имараттын короосу да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулат.

Мектептер заманбап илимий методология боюнча тандалып алынган. Тандоо критерийлерин  кыргыз өкмөтү жана Дүйнөлүк банк биргелишип иштеп чыккан. Тандоонун негизги талаптарынын ичинен участоктун сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуу даражасы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.

Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Тандалып алынган мектептерде санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу иш-аракети жүрүп, ички дааратканалар орнотулат.

№125-Боболошкар мектеби тууралуу маалымат:

№125-Боболашкар мектеби Ош облусунун, Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан. Мектептин эски имараты 1970-жылдары курулган жана айыл чарба муктаждыктарына арналган. 2001-жылы имарат башталгыч мектеп катары өзгөртүлүп, 2012-жылы мектеп толук орто мектеп статусуна ээ болгон. Мектеп 220 окуучуга ылайыкталып, бүгүнкү күндө үч нөөмөттө 460 тан ашуун окуучу билим алууда.

Жаңы имараттын  аянты 2255м2 түзгөн 225 окуучуга ылайыкталган жаңы эки кабаттуу имарат курулат. Анда 16 окуу кабинети, 8 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулат. Имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар жана лифт орнотулат. Желдетүү системасы отнотулат.

Курулуш аянтында бүгүнкү күнгө чейин кандай жумуштар аткарылган?

Курулуш компаниянын тарабынан курулуш аянтчасынын айланасына тосмо орнотулду, атайын техникалар тартылды. Учурда котлованга байланыштуу иштери аяктаган, бекем жана туруктуу фундамент куруу үчүн арматураны байлоо иштери аткарылды. Фундаментти куюу иштери кызуу жүрүүдө. Курулуш иштери коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүүдө. 

№57-А.Өмүрзаков атындагы мектеп тууралуу маалымат:

№57-А.Өмүрзаков атындагы мектеп Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында жайгашкан. Мектептин имараты 1970-жылдары курулган жана пахта иштетүүчү талаа жайы катары  колдонулуп келген.  2001-жылы окуу жайга айланган. Алгач кенже мектеп болуп, 2012-жылы толук орто мектеп статусун алган. Мектептин имараты 200 окуучуга ылайыкталган,  учурда  500 бала окуйт.

 Мектептин жаңы имаратынын жалпы аянты 2642,41 м2   түзөт, 275 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу болот. Мектепте 10 ички даараткана, кол жуугучтар, пандусу жана лифт жана желдетүү системасы орнотулат. Ошондой эле спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана,медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган.

Мектеп жылуулук, суу камсыздоо жана агындыларды кетирүү тармактары камсыздалат. Имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар жана лифт орнотулат.

Курулуш аянтында бүгүнкү күнгө чейин кандай жумуштар аткарылган?

 Курулуш компаниянын тарабынан курулуш аянтчасынын айланасына тосмо орнотулду, атайын техникалар тартылды. Учурда котлованга байланыштуу иштери аяктаган. фундаментти армалоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүүдө. 

Copyright © 2017 Maral FM