Биз менен байланышыңыз

Тоңдо Зындан көлү жырылып, тургундар эвакуацияланды

Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 393 | 0

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн.

Жериндеги абал боюнча саат 19:45ке карата берилген маалыматтын негизинде куткаруучулар жеринде тактап, жергиликтүү бийликтин техникалары менен суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүүдө.

Зындан көлү жырылып суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундар эвакуцияланды. Натыйжада Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылып, көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Б.Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып, Туура-Суу айылын суу каптоо коркунучунун алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүүдө.  Кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM