Биз менен байланышыңыз

Президент табият койнунда эс алган жарандарды тазалыкка чакырды

Кыска кабар | 21 Авг 2024 | 106 | 0

Президент Садыр Жапаров табият койнунда эс алган жарандарды тазалыкка чакырды.

Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында видео жарыялап, элге кайрылуу жасады: «Урматтуу мекендештер! Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу. Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры» — деп айткан видеодо.

Видеодо көрүнүп тургандай, президент суу жээгиндеси желим баштыктарды, бөтөлкөлөрдү терип, айрым сабатсыз жарандардын ушундай иштерин көргөндө бири-бирине эскертүү берүү керектигин жана аң-сезимдүү жарандар таштандыларды терип кетсе чоң салым болорун да кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM