Connect with us

Кыргыз-Кытай чек арасындагы жаңы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пункту тууралуу эки тараптуу сүйлөшүү болду

Кыска кабар | 20 Авг 2024 | 205 | 0

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдирди.

Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралып, өзгөчө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ошондой эле «Барскоон-Учтурфан-Аксу» унаа жолунун курулушу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын сентябрында жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун расмий ачылышы жасалары пландалууда. Азыркы учурга карата «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы көпүрөнүн курулушу бүткөрүлдү. Ал эми калган эл аралык стандарттарга ылайык, толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосундагы «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу маселелери каралды.

Жолугушуунун соңунда тараптар жаңы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилсе, келечекте эки тараптуу жана Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эл аралык маанидеги маанилүү транспорттук-логистикалык коридор болуп, соода жүгүртүү жана жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүүнү камсыз кыла тургандыгына ишенерин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM