Биз менен байланышыңыз

Унаа токтотуучу жайдын баасын 100 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Кыска кабар | 19 Авг 2024 | 206 | 0

Унаа токтотуучу жайдын баасын 100 сомго чейин көтөрүү сунушталды. Мындай сунушту Бишкек шаардык мэриясы киригизди.

Анда, калаадагы негизги көчөлөрдө унаа токтотуучу жайларды уюштурулуп, анын акысын жогорулатуу сунушталган. Сунушталып жаткан долбоор боюнча калаанын борбордук бөлүгүндө унаа коюуучу жайлардын биринчи сааты үчүн 25 сом жана андан кийинки сааттар үчүн 40 сомдон 100 сомго чейинки бааны белгилөө пландалган.

Мэрия бул сунушту калаада авто тыгындарды жана жол кырсыктарын азайтуу максаты менен түшүндүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM