Биз менен байланышыңыз

Орус рублинин расмий курсу жогорулады

Кыска кабар | 19 Авг 2024 | 96 | 0

Соңку суткага карата орус рублинин расмий курсу жогорулады. Ал эми евро жана казак теңгеси арзандап, АКШ долларынын куну өзгөргөн жок.

Улуттук банктын маалыматы жана акча алмаштыруучу жайлардагы маалыматка ылайык, бүгүн, 19-август эрте менен акча алмаштыруучу жайлар АКШ долларын 85,73 сомдон сатып алууда. Ал эми 86,21 сомдон сатууда. Улуттук банк белгилеген расмий курс — 85,70 сом бойдон өзгөргөн эмес.

Ал эми орус рубли акыркы суткада куну көтөрүлдү. Азыркы тапта рублди сатып алуу — 0,943 сом, сатуу — 0,983 сом. Расмий курс — 0,9676 (1,53%га өстү).

Евро менен казак теңгеси сомго карата аз гана арзандады. Еврону сатып алуу — 93,79 сом, сатуу —  94,79 сом. Казак теңгеси — сатып алуу 0,1234 сом, сатуу — по 0,1932 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM