Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эл аралык веложарыш старт алды

Кыска кабар | 17 Авг 2024 | 156 | 0

Бүгүн Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү Silk Road Mountain Race (Жибек Жолу Тоо Жарышы) веложарышы старт алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, веложарыш быйыл алтынчы жолу өтүп жатат. Жалпысынан маршртут 1938 чакырымды түзүп, Бишкек-Кегети-Чаек-Сонкөл-Казарман-Чатыркөл-Нарын-Экинарын-Барскоон-Каракужур-Кочкор-Шамшы-Чонкемин-Чолпон-Ата аркылуу жүрөт.

Жарышка 35 өлкөдөн 175 катышуучу келди. Ар бири жалгыз, чатыры, тамак-ашы менен жүрүшөт. Веложарыш эки жумага уланып, 31-августта Чолпон-Атада салтанаттуу аяктайт.

«Бирок жеңичүүлөр былтыр 5-6 күндө эле келишкен мараага. Дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген велогонкага күйөрман болушат. Табиятыбыздын эң кооз сүрөт, видеолору да жарыяланып турат. Биздин туризмдин эң сонун жарнамасы! Баардыгыбыз бул жарышка көз салып, конок спортсмендерди, кыргызстандык 15ге жакын катышуучуну сүрөп туралы», — деп жазды Байсалов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM