Биз менен байланышыңыз

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери кармалды

Кыска кабар | 17 Авг 2024 | 215 | 0

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кайрадан УКМК тарабынан кармалды.

Маалымтка ылайык, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери Б.С.С. жергиликтүү бюджеттен эмгек акыны өндүрүү маселесин чечкендиги туралуу сот актысынын негизинде мажбурлап келбегендиги үчүн О.А.З. аттуу жарандан 45 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап акча каражатын талап кылган. Буга байланыштуу, 2024-жылдын 14-августунда, Б.С.С. талап кылган керектүү суммадагы акчаны каражатын алып жаткан жеринен кармалды жана УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын убактылуу тергөө камак жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын июнь айында аталган Б.С.С. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин спикери болуп турганда, аткарылган иштердин жыйынтыгын үзгүлтүксүз кабыл алуу үчүн подрядчынын өкүлүнөн акча алып, алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган.

Натыйжада сот органы тарабынан Б.С.С. аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, тараптардын жарашуусу боюнча иш токтотулган.
Тергөө иштер жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM