Биз менен байланышыңыз

Чүйдө диний экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар өттү

Кыска кабар | 17 Авг 2024 | 124 | 0

Чүй облусунун имамдарына диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, ИИМ тарабынан демилгеленип, жыл башынан бери өлкөнүн бардык аймагында өткөрүлүп келе жаткан жарандардын диний радикалдашуусун алдын алуу, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча семинарлар жыйынтыкталды. Семинарларды Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери өткөрүшүп, ага ички иштер органдарынын, прокуратуранын өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери, аялдар жамааттары жана имамдар катышты.

Акыркы иш-чара Чүй облусунун имамдарына диний экстремизмди, терроризмди, улуттук жана аймактар аралык кастыкты козутууну алдын алуу, жарандар арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, сабаттуулукту жогорулатуу боюнча өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM