Биз менен байланышыңыз

Жарандарды чет мамлекеттерде ишке орноштурууну убадалаган агенттиктер текшерилди

Коом , Кыска кабар | 4 Авг 2024 | 1154 | 0
Ички иштер министрлиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте жарандарды чет мамлекеттерде ишке орноштурууну убадалаган агенттиктерге үч күндүк рейд жасады. Натыйжда,  Ош базарында жайгашкан эки радио түйүндүн ишмердүүлүгү токтотулган.

29-31-июль күндөрү жүргөн бул рейдде Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш» беренеси менен 12, «Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өлкөгө чакырган же кабыл алган адамдардын, алардын жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуу» беренеси менен 71, «Чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуу» беренеси менен 322 мыйзам бузуу катталып, протокол түзүлгөн.

«Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу» жана  10, «Уурдоо» беренеси менен бир кылмыш иши козголду.

Министрлик чет өлкөдө иштейм деген жарандарды сак болууга чакырат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштейт. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда лицензиясыз иштеген фирмалар да бар.

Чет өлкөдө жумуш таап берүүнү убадалаган компанияларга алданып калган жарандардын маселеси буга чейин парламентте да көтөрүлгөн. Алданып калгандар мындай агенттиктерди көзөмөлдөө талабын айтып келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM