Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Бишкектеги жол оңдоо иштери августтун соңунда аяктайт

Кыска кабар | 2 Авг 2024 | 188 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы Абдрахманов көчөсүндөгү оңдоо иштери 5-августка чейин толук аяктай турганын кабарлады.

Учурда Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин жабык. Бул тилкеде Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин эки катмар асфальт басылды. Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин бир катмар асфальт басылып бүттү.

Ошондой эле Чүй проспектисинде капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Аталган проспект Манас проспектисинен тарта Панфилов көчөсүнө чейин жабылган.

Андан тышкары, 27-июлда тарта Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү да жабылып, капиталдык оңдоо башталган. Капиталдык оңдоо жумуштарын ыкчам жүргүзүү максатында ушундай чечим кабыл алынган.

Ал эми Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө (түштүк тарабы) капиталдык оңдоо аяктады. Учурда түндүк тарабында капиталдык оңдоо жүрүп жатат.

Жибек-Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн башталган түштүк бөлүгүндө Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жолду кеңейтүү, эски асфальтты сыйруу жана жана бордюр орнотуу жумуштары аткарылууда.

29-июлдан тарта Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталды. Анын биринчи этабында Ч. Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлөгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилген.

Капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жаткан Б.Юнусалиев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары 16-июлда башталган. Учурда Сухе Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгында эски бордюрлар демонтаждалып, жаңылары орнотулууда. Жол тилкесиндеги эски асфальт катмары сыйрылган. Жакында асфальт басуу башталат.

Ахунбаев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары аяктаган. Аталган көчө Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин толук ачылган.

Бишкек шаарынын мэриясы быйылкы жылдын алкагында жогоруда аталган алты негизги көчөдө жолду капиталдык оңдоону пландаштырган. Реаблитация боюнча негизги жумуштары 30-августка чейин аяктоо мерчемделүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM