Биз менен байланышыңыз

АКШ: Байден президенттик жарыштан чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2024 | 473 | 0

АКШнын президенти Жо Байден быйыл күзүндө өтө турган шайлоого катышпай турганын билдирди. Ал президенттикке азыркы вице-президент Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын «Х» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

Байден менен Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамптын июндун аягында өткөн дебатынан кийин президентти шайлоодо башка партиялашына мүмкүнчүлүк берүүгө чакыргандар көбөйгөн.

Байден дебатта атаандашынын чабуулдарына жооп кайтара албай, айрым учурларда чаташып, өз оюн да толук жеткире алган эмес.

АКШнын 81 жаштагы лидери мөөнөтүнүн аягына чейин президенттик милдеттерин аткарууга көбүрөөк көңүл бура турганын айтты.

«Сиздердин президентиңер болуп кызмат кылуу – жашоомдогу эң чоң сыймык болду. Кайра шайланууну көздөгөнүм менен шайлоодон четтеп, мөөнөтүмдүн аягына чейин жалаң президенттик милдеттеримди аткарууга көңүл буруу партиямдын да, өлкөмдүн да кызыкчылыгына төп келет деп ойлойм», — деп жазды Байден.

Президент кабыл алган чечими тууралуу алдыдагы жумада элге жасай турган кайрылуусунда кененирээк кеп кыларын билдирди.

59 жаштагы Камала Харрис демократтардын талапкери болуп тандалса, өлкө тарыхында президенттик кызмат үчүн ат салышкан алгачкы афроамерикалык аял болуп калат.

Copyright © 2017 Maral FM