Биз менен байланышыңыз

FlyArystan: Кыргызстанга келген казакстандыктардын саны эки эсе өстү

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 208 | 0

Жайкы туристтик мезгилде Кыргызстанга келген казакстандыктардын саны эки эсе өстү. Бул тууралуу FlyArystan авиакомпаниясынын маалыматында айтылат.

Бир ай мурун Казакстандын FlyArystan лоукостери Астана менен Бишкектин ортосундагы сезондук аба каттамдарын жандандырган. Каттам жумасына эки жолу — шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Учуулардын аналитикасы көрсөткөндөй, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл казакстандыктар Кыргызстанга көбүрөөк каттай баштаган.

Бишкекке көбүнчө Кытайдан, Түркиядан, АКШдан жана Европадан келген чет элдиктер Астана аркылуу каттай баштаган. Туристтик мезгилде Ысык-Көлгө жыл сайын миллиондон ашык турист келет.

Ошол эле учурда Бишкектен Астанага учкан казакстандыктардын саны да эки эсе көбөйгөн.

Ал эми кыргызстандыктар быйыл Астанага дээрлик 2,5 эсе көп каттай башташканы айтылат. Айрыкча, Бишкектен Астанага Жапония менен Малайзиядан келген жүргүнчүлөр барганы байкалууда, буга чейин мындай учур катталган эмес.

Астана менен Бишкектин ортосундагы сезондук жайкы авиакаттам 2024-жылдын 27-августуна чейин аткарылат. Авиа билеттерди FlyArystan тиркемесинен же flyarystan.com сайтынан сатып алса болот.

FlyArystan — 2019-жылдын май айында ишин баштаган казакстандык авиакомпания. Алматы, Астана, Атырау, Актау жана Шымкент шаарларындагы базалардан A320 учактарынын заманбап паркын колдонуу менен кеңири маршруттук тармагы боюнча учууларды ишке ашырат.

Авиакомпания ички каттамдарды жана Грузия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия, Индия, БАЭ, Катар жана Кытайга эл аралык каттамдарды аткарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM