Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров быйыл жаңы, амбициялуу пландар ишке ашарын айтты

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 205 | 0

«Быйыл биз Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө багытталган жаңы амбициялуу пландарды ишке ашыра баштадык». Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегияда билдирди.

Акылбек Жапаров 2026-жылга чейин пландаштырылган программалык иш-чаралардын көбү мөөнөтүнөн мурда аткарылганын айтты.

«Калктын турмуш децгээлинин жогорулашы байкалууда. Мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктары, пенсия жана жөлөк пул байкаларлык көбөйдү. «Социалдык келишим» системасы натыйжалуу иштеп жатат, анын аркасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 2022-жылдагы 111 миңден 2024-жылы 81 миңге чейин кыскарды» , — деди ал.

Минкаб төрагасы «Камбар-Ата-1» ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, туризм тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жактанын айтты.

«Мамлекет Борбор Азиядагы эң ири курорт боло турган “Үч чоку” тоо лыжа кластерин ишке ашырууда. Ошондой эле, “Байтик резорт” кластерин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM