Биз менен байланышыңыз

БШК Сузак бир мандаттуу округунда шайлоо өткөрүүнү сунуштады

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 186 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө президентине мурдагы депутат Тазабек Икрамовдун ордуна №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштады.

19-июлда БШК Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган Тазабек Икрамов өз каалоосу менен мандатып тапшырганын билдирген.

Анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызы бүгүн Борбордук шайлоо комииссиясынын жыйынында каралып, жыйынтыгында Икрамовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

30-июнда үч шайлоо округунда эле депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM