18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүң тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Эртең, 18-июлга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, кээ бир райондордо жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.