Жыл башынан бери өлкө боюнча 95,8 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 563 тоннага көп экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Өлкөдө эт өндүрүүнүн жогорулашы айыл чарбадагы малдын көбөйүшүнө түздөн-түз байланыштуу экени айтылды.
Министрликтин маалыматына караганда, 2023-жылдын аягына карата өлкөдө ири мүйүздүү малдын саны 18,8 миңге, кой жана эчкинин саны 15,1 миңге, ал эми жылкынын саны 8,5 миң жана үй канаттуулардын саны 620 миң башка көбөйгөнү байкалган.
Быйылкы жылдын январь-март айында 2882,8 миң тонна сүт өндүрүлүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 5408 тоннага же 1,9 пайызга көп болду.
Сүт өндүрүүнүн өсүшү, саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашына байланыштуу. Буга кошумча уйлардын орточо саны отчеттук мезгилде 9,7 кг көбөйүп 350,7 кг түздү.
6 ай ичинде республикада 147872 миң даана жумуртка өндүрүлдү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 13478 миң даанага же 110,0-пайызга көбүрөк. Акыркы учурларда республиканын бардык облустарында жумуртка өндүрүү жыл сайын көбөйүүдө.