Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарында селдин кесепеттери менен таанышты. Ал сел каптаган борбордук базарды кыдырып, жабыркаган соодагерлер менен жолукту.
Акылбек Жапаров тиешелүү органдарга селдин кесепеттерин жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды бергени кабарланды. Соодагерлер селдин кесепеттерин жоюуда өкмөттөн жардам сурашты. Акылбек Жапаров алгач комиссия түзүлүп, кимге кандай зыян келтирилгенин эсептей турганын билдирди.
14-июлда жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, Оштогу борбордук базарды, Төлөйкөн айылын суу каптаган. 44 жаштагы аялды үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткен.
Мындан тышкары, Өзгүр айылында селден куткаруу иштерине жардам берип жаткан бир эркекти КамАЗ үлгүсүздөгү унаа тебелеп кетип каза болгону айтылган.
Ош облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу калыбына келтирүү иш-чараларына ӨКМден өздүк курам менен кошо атайын техника үзгүлтүксүз иш алып барууда. Кара-Суу районунда ӨКМден жалпы 20 атайын, 15 инженердик техника иштеп жатат.
Сел сууларын сордуруп тазалоо үчүн 21 мотопомпо, кызматтарынан 17 техника тартылган.