Биз менен байланышыңыз

Пенсиялык топтоолорду пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү кеңейди

Блог , Кыска кабар | 15 Июл 2024 | 424 | 0

Пенсиялык топтоолорду төлөө механизмдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.

Кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр кошулду?

Ипотекалык насыя:

— Пенсиялык топтомо каражаттарды Улуттук банктан лицензиясы бар финансы-кредиттик уюмдар, ошондой эле Бишкек менен Ош шаарынын мэриялары аркылуу баштапкы төлөмдү каржылоого же колдонуудагы ипотеканы жабууга жумшаса болот.

Үлүштүк курулуш:

— Эми пенсиялык топтоолорду Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан “Мамлекеттик ипотекалык компания” аркылуу берилген үлүштүк курулушка катышуу үчүн колдонсо болот.

— Банктык кепилдик берген курулушчулардан турак жайды сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүмдөрдү төлөө үчүн пенсиялык топтоолорду колдонуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.

Оор ооруларды дарылоо:

— Дарылоо үчүн пенсиялык топтоолорду колдонууга мүмкүн болгон оор оорулардын тизмеси кеңейтилди, мисалы, боордун өнөкөт жетишсиздиги, боордун циррозу (гепатит В жана С – 4-5 стадиялар, органдарды трансплантациялоону талап кылган жана органдарды трансплантациялоо) жана бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын алуу.

Учурдагы мүмкүнчүлүктөр:

Жарандар пенсия курагына жеткенде топтолгон акча каражаттарын ала алышат.

Кыргызстандан тышкары туруктуу жашоого кеткен жарандар пенсиялык топтомолорун ала алышат.

Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары, алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

Каражатты оор ооруларды дарылоону каржылоого жумшаса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM