Биз менен байланышыңыз

УКМК: Тарыхта биринчи жолу 50 млрд сом казынага кайтарылды

Кыска кабар | 12 Июл 2024 | 506 | 0

Бүгүн, 12-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрдү.

Анда Ташиев соңку жылдары Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту орнотуу жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жаатында УКМК кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө чоң натыйжа бар экенин белгиледи.

Быйыл жарым жылда УКМК кызматкерлери тарабынан тарыхта биринчи жолу 70 млрд сомдон ашык каражат аныкталып, анын 50 млрд сому кыска мөөнөт ичинде мамлекеттин казынасына өткөрүлгөндүгүн маалымдады.

Мындан улам Камчыбек Ташиев өлкө тынчтыгын камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту орнотуу багытында коюлган тапшырмаларды так аткаруу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, тартип орнотуу, баңгизаттарга, эктремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеп, кызматкерлерге бир катар багыттар боюнча  тийиштүү тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM