Биз менен байланышыңыз

Эртең «Торугарт» өткөрүү пункту бир саатка жабылат

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 230 | 0

Эртең, 12-июлда күндүн биринчи жарымында “Торугарт-автожол” көзөмөл өткөрүү бекети бир саатка жабылат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

Бул убакытта өткөрүү пунктунда техникалык иштер жүргүзүлөт.

«Торугарт» өткөрүү пункту мамлекеттик чек аранын Нарын облусундагы кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM