Биз менен байланышыңыз

Статком: Баткен жана Ошто калктын саны өстү

Коом | 11 Июл 2024 | 1430 | 0

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк калк күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу Бишкек шаарында «Баары үчүн туруктуу жана адилеттүү келечекти куруу үчүн инклюзивдик маалыматтардын потенциалын пайдалануу» деген темада жыйын өттү.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев өткөн жылы Кыргызстанда калктын санынын өсүү темпи 1,8 пайызды түзгөнүн билдирди. Анын маалыматына караганда, калктын эң жогорку өсүү темпи Баткен жана Ош облустарында, Жалал-Абад облусунда, эң төмөнкүсү Нарын жана Ысык-Көл облустарында белгиленди.

«2023-жылы калктын өсүү темпи 1,8%ды түздү, акыркы үч жылда өз маанисин сактап калды (салыштыруу үчүн 2019-жылы – 2,3%). Калктын эң жогорку өсүү темпи Баткен жана Ош облустарында (тиешелүүлүгүнө жараша 2,2% жана 2,0%), Жалал-Абад облусунда (1,9%), эң төмөнкүсү Нарын жана Ысык-Көл облустарында (тиешелүүлүгүнө жараша 1,2% жана 1,1%) байкалган. 2024-жылдын башында республикасынын калкынын саны 7 миллион 162 миң адамды түзгөн. Ошол эле учурда басымдуу үлүшү айыл калкына – болжол менен 65%, же 4 млн 665 миң адам туура келген, ал эми шаар калкынын үлүшү 35% дан көбүрөөк, же 2 млн 497 миң адамды түздү».

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, былтыр эркектерге караганда аялдардын санынын басымдуулугу сакталды. 2024-жылдын башында эркектердин саны 3 млн 543 миң адамды (49,5%) жана аялдар 3 млн 619 миң (50,5%) түздү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Аскар Шайкидинов Жаштардын бакубаттуулугу жана өнүгүү индексинин (YWID) мааниси, жаштарды калыптандыруудагы маанилүү маалыматтарга токтолду.

«Индекстин максаты жаштар саясатын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо жана Кыргызстандын жаштарына карата улуттук жана жергиликтүү деңгээлде кабыл алынган чечимдердин сапатын жогорулатуу. Ошону менен бирге 2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын Концепциясынын негизги жоболору “Кыргыз Республикасындагы жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индекси” улуттук изилдөөнүн натыйжаларына негизделгенин белгилей кетүү керек. Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында өлкөдө жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн деңгээлин 0,53төн 0,75ке чейин жогорулатуу күтүлүүдө».

Жаштардын бакубаттуулугу жана өнүгүү индекси – өлкөдөгү жаштардын абалынын өзгөрүү динамикасынын аналитикалык комплекстүү көрсөткүчү. Жаштардын социалдык, физиологиялык, психологиялык жана материалдык абалынын өнүгүүсү жана бакубатчылыгы каралат.

ЮНФПАнын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бакыт Кайназаров баары үчүн туруктуу жана адилеттүү келечекти куруу үчүн инклюзивдик маалыматтардын мүмкүнчүлүгүн колдонууга чакырды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коомдун туруктуу өнүгүүсүнө багытталган чечимдерди кабыл алууда бул маалыматтар негизги ролду ойнойт.

«Бирок бул чечимдер чындап натыйжалуу жана адилеттүү болушу үчүн адамдардын бардык топторунун көп аспектилерин эске алуу керек. Калктын ар түрдүүлүгүн чагылдырган маалыматтарды чогултуу жана талдоо структуралык теңсиздикти аныктоого жана чечүүгө жардам берет. Албетте, Кыргызстанда эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдө да теңсиздик бар. Бирок калктын бардык катмары чечим кабыл алуу процессине катышуусу үчүн инклюзивдик маалыматтар болушу керек. Бул ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү бөлүштүрүүгө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде адилеттүү коомду түзүүгө өбөлгө түзөт. Маалыматтарды чогултуу жана пайдалануудагы ачык-айкындуулук жана инклюзия, биринчиден, мамлекеттик бийлик органдарына жана коомдук институттарга элдин ишенимин жогорулатат».

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы 146 миң төрөт катталган. (2022-жылы 150,2 миң). Анын ичинде 49 пайызы кыздар, 51 пайызын эркек балдар түздү.

Бала төрөлгөндө эненин орточо жашы мурунку жылдарга салыштырмалуу өсүп, 28,3 жашты түздү.

Ымыркайлардын көбү 20 жаштан 30 жашка чейинки аялдардан төрөлөт, бирок акыркы жылдары ушул курактан улуу аялдар төрөгөн учурлардын өсүшү белгиленүүдө.

«Карылар үчүн ресурстук борбор» бейөкмөт уюмунун президенти Светлана Баштовенко туруктуу жана адилеттүү келечекке жетүүдөгү улгайган адамдар жөнүндө инклюзивдик маалыматтардын ролу жөнүндө айтып берди. Ал улгайган адамдар коомдун олуттуу бөлүгү жана алар келечекти түзүүгө катышуусу керек деп эсептейт.

«Кыргызстанда улгайган адамдар калктын кыйла пайызын түзүп, коомдо маанилүү роль ойношот. Алар жөнүндө инклюзивдүү маалыматтар алардын муктаждыктарын, көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү үчүн негизги курал болуп саналат. Мындай маалыматтарды пайдалануу менен Кыргызстандын өкмөтү жана эл аралык уюмдар улгайган адамдарды колдоо боюнча так жана ылайыкташтырылган программаларды иштеп чыгышы мүмкүн. Бул улуу муундун жашоо сапатын жакшыртууга, аларга керектүү медициналык жардам, социалдык камсыздоо жана башка кызматтарды көрсөтүүгө жардам берет».

Бүткүл дүйнөлүк калк күнү 1990-жылдын декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан белгиленген. Ал калктын жайгашуу маселелерине көңүл бурдуруу, жалпы өнүгүү программаларына жана жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө үчүн жыл сайын 11-июлда белгиленет.

Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк калк күнү белгилүү бир темага арналат. 2023-жылы «Гендердик теңчиликтин күчүн бошотуу: дүйнөбүздүн чексиз мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн аялдар менен кыздардын үнүн күчөтөбүз» деген жаңы ураан сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM