Биз менен байланышыңыз

Аймактагы окуучулар: ЖРТга даярданууда окуу куралдары жетишсиз болду

Билим-маданият | 11 Июл 2024 | 1461 | 0

10-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алгандарга «Алтын сертификаттар» тапшырылды. 

Кутман Сулайманов Ош облусунун Алай районуна караштуу №2 мектеп гимназиясынан келген. Ал ЖРТда 220 баллга ээ болуп, алтын сертификатка 5 балл жетпей калды. Сулайманов тестирлөөгө өз алдынча курстарга барбай эле даярданган.

“ЖРТга мектепте мугалимдерим менен даярдандым. Эч кандай өз алдынча курстарга барган жокмун. Ыраазычылыгымды эң алгач биздин директорго билдирет элем. Бардык мугалимдерге жалпы республикалык тестке даярдоо боюнча тапшырмаларды берип, өзү көзөмөлдөп турду. ЖРТга даярдануу мага көп деле кыйынчылык жараткан жок. Бардык материалдар болуп, мугалимдер түшүндүрүп берип турушту. Сынамык тесттерди да жакшы жыйынтыктарга тапшырып жаткан элем. Эң алгач алтын сертификаттарга татыган окуучулардын тизмесин жөнөтүшкөн. Алардын арасында өзүмдү көргөн жокмун. Буга татыбай калыптырмын деп эле көңүлүмдү чөгөрбөгөнгө аракет кылдым. Анан эле досум чалып, аймактар боюнча жакшы балл алган тизмеде бар экенимди айтып, 220 балл алганымды айтты. Ата-энем аябай сүйүнүп, мени куттукташты. Ал эми бизге ноутбуктарды беришти. Мага белеги абдан жакты. Баарына рахматымды айтам”.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көл облусунун Зияш Бектенов атындагы кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү Азиза Султангазиева жалпы республикалык тестирлөөгө даярданууда айрым окуу куралдары жетпей калып, түшүнүү кыйын болгонун белгиледи. Ал “алтын сертификат” алууга эки баллы жетпей калган.

“ЖРТда мен 223 бал алдым. Тилекке каршы, алтын сертификат алганга 2 балл жетпей калды. Бирок ошого карабастан Ысык-Көл облусунан эң жогорку баллды мен алдым. Бул менин ийгиликтеримдин башталышы гана болсун дейм. ЖРТга даярданууда айрым окуу куралдарынын жетишсиздиги көйгөй жаратты. Айрыкча айрым аналогиялар аябай кыйын болгондуктан аларды түшүнүү оор болду. Аларды түшүнүүгө аракет кылган менен толук маалымат жок болгондуктан билүү кыйын болду. Бирок мугалимдеримдин жардамы, ата-энемдин колдоосу менен ушундай жакшы жыйынтыкка жетип отурам. Аларга терең ыраазычылык билдирем”.

Бактемир Дооронбеков “Сапат” билим берү мекемесинин Жалал-Абад облусундагы “Курманбек баатыр” атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү. Ал жалпы республикалык тестирлөөдө 225 балл алып, алтын сертификатка татыды. Эми ал келечекте программалык инженерия багытында билимин уланткысы келет.

“ЖРТда 225 балл алып алтын сертификатка татыдым. Буга 11-класстан баштап катуу даярдык көрүп баштагам. Сынакка даярдануу учурунда биздин лицей ар түрдүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берди. Кыйынычылыктарда бизге чоң колдоо көрсөттү десем болот. ЖРТга даярданууда аналогия бөлүмүндө кыйналдым. Бирок аябай эмгектенип отуруп ушул жыйынтыкка жеттим десем болот. Келечекте АУЦА университетине, программалык инженерия багытына тапшырсам деген ойдомун”.

Айсулуу Осекеева Сокулуктагы Новоповловская мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал сентябрь айынан ЖРТга даярданып баштаган. Ар түрдүү окуу курстарына да жазылып билимин тереңдетип отуруп ийгиликке жеткенин айтты.

“Бул жакка келип, президенттин колунан сертификат алууда аябай толкундандым. Бул жерде турганыма жана бул сыйлыктарды алганыма аябай кубанычтамын. ЖРТдан 226 балл алдым. Даярдыктарга бир жыл кетти. Башында өзүм даярданып жүргөм. Кийин секом жана куклабы курстарына жазылып окудум. Аларда негизги тестке 3 ай окудум. Матиматика дага орус тилин жакшы окуп өздөштүрдүм. Жана акыр аягында ушунча эмгегим акталып алтын сертификатка татыдым. Ошондой эле президент бизди куттуктап, келечекте мыкты адис болуубузга тилектештигин билдирди. Жакшы окуп өлкөгө салым кошкон мыкты, чыгаан инсандардан болушубузду белгиледи”.

Жалал-Абад облусунун Раатбек Санатбаев атындагы №9 жалпы биилим берүү инновациялык мектеп-гимназияснын бүтүрүүчүсү Луиза Эрбекова ЖРТга даярданууда математика сабагынан кыйналганын айтты. Ал келечекте тилчи болууну калайт.

“ЖРТнын жыйынтыгын эң алгач орус тили ийриминен берген мугалимимден уктум. Ал чалып 223балл алыптырсың деди. Негизи мындайды күткөн эмес элем. Аябай кубандым. Сынакка даярданууда математика сабагынан кыйынчылыктар болду. Ошол себептен бул предметке басым жасап күндө окуп турдум. Мугалимимден жаңы тапшырмаларды алып өзүмдү машыктырып жаттым. Ошентип барган сайын жакшы түшүнүп баштадым. Бул ийгиликке жетишиме мугалимдеримдин эмгеги чоң. Ата-энеме жана мугалимдериме ыраазычылык билдирем. Келечекте тилчи болууну каалайм. «Ала-Тоо» университетине, лингвистика факультетине тапшырууну пландап жатам. Тил тармагына салым кошсом дейм”.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миң 946 миң бүтүрүүчү катышканын айтты.

Анын 60-62 пайызы босого баллдан ашты. 21 831и орус тилинде, 30 115и кыргыз тилинде тапшырды. Тестке катышкандардын 58и “Алтын сертификат” алган.

“Быйыл 51,946 бала ЖРТга катышты. Бирок бул башка окуучулар жакшы окубайт дегендик эмес. Болгону азыркы учурда кыска курстардын тенденциясы көбөйүп окуучулар ошол жактарга да окуп жатышат. Быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу жемиштүү жыл болду десек болот. Себеби былтыры 60% балдар босого баллдан (115балл) өткөн болсо, быйыл 62% бала өттү. Булу дегендик шаар жергесиндеги балдар менен айылдагы балдардын, мамлекеттик жана жеке менчик билим берүүнүн айырмасы өтө алыс эмес экенин көрсөттү. Мындан сырткары буга чейин алтын сертификаттын көпчүлүк бөлүгүн кыздар алып келишкен болсо, бул жылы балдар басымдуу. Биз бардык бүтурүчүлөргө ак жол каалайбыз.

ЖРТда аймактарга жана шаарга өзүнүн категориясы боюнча мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой эле кыргызча же орусча тапшыруусу бул балдардын өзүнүн тандоосу. Анда балага эч кандай тилдик дискриминация багытталбайт. ЖРТга даярдоо боюнча бекер сабактар бар. Аны testing.kg сайтынан көрсө болот. Ошол эле учурда акыркы жалдарды ЖРТга даярдоо бизнес катары да иштеп жатат. ЖРТдан өткөндөрдүн көпчүлүгү шаар жергесинен. Себеби аларга билим алууга болгон мүмкүнчүлүк каралган. 56 окуучу алтын сертификатка татыса, 15 окуучу бир аз жетпей калды. Бул жылы эң төмөнкү көрсөткүчтү Ысык-Көл облусу көрсөттү. ЖРТнын башкы максаты, жогорку окуу жайларга тапшыруудагы коррпуцияга каршы эң натыйжалуу ишенимдүү инструмент болуп саналат. Эч ким эч кандай чечим кабыл алууга таасир эте да албайт. Бала өзүнүн гана билиминин аркасында окуу жайга тапшыра алат”.

Президент Садыр Жапаров мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырып жатып, ЖРТ системасы киргенден бери биринчиликти колдон чыгарбай, эң жогорку баллды камсыз кылып келаткандардын 90 пайызы «Сапат» билим берүү мекемелеринен окуган балдар экенин айтты.

«Муну акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз кажет. Алыс барбай эле быйылкы ЖРТнын жыйынтыгын алсак, 58 окуучунун 13ү дал ушул билим берүү мекемесин бүтүргөндөр экен. Мен бул жерде бир гана ЖРТнын жыйынтыктары боюнча айтып жатам. Болбосо, ар кайсы предметтер, айрыкча азыркы учурда өтө орчундуу болуп турган СТЕМ багытындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда да дал ушул “Сапаттын” окуучулары байгелүү орундарды багындырып келе жатышканын угуп, сыймыктанып калам» , — деди президент.

Жапаров мындан тышкары, өлкө боюнча кесипкөй адистердин, кесипкөй кадрлардын тартыштыгы бар экенин айтты.

Бул үчүн мектептерде билим пайдубалын бекем түптөп, андан ары жогорку окуу жайларды ийгиликтүү бүтүргөн билимдүү жаштардын арбын болушу талап кылынууда. Мындан улам, мамлекет “Эл үмүтү” стипендиясын уюштурганын эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM