Биз менен байланышыңыз

Президент «Сапаттын» окуучулары менен сыймыктанарын айтты

Кыска кабар | 10 Июл 2024 | 266 | 0
"Алтын сертификаттарды" тапшыруу аземи. 10-июль, 2024-жыл

Президент Садыр Жапаров 10-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миң 946 миң бүтүрүүчү катышкан. Анын 60-62 пайызы босого баллдан ашты.

Алардын ичинен тестти 21 831и орус тилинде, 30 115и кыргыз тилинде тапшырды. Тестке катышкандардын 58и “Алтын сертификат” алган.

Садыр Жапаров жыл өткөн сайын ата-энелер балдарынын билим алуусуна инвестиция салуунун артыкчылыктарын аңдап-түшүнө баштаганын белгиледи.

ЖРТ системасы киргенден бери биринчиликти колдон чыгарбай, эң жогорку баллды камсыз кылып келаткандардын 90 пайызы «Сапат» билим берүү мекемелеринен окуган балдар экенин ар жылкы ЖРТнын жыйынтыгы тастыктап келерин айтты.

«Муну акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз кажет. Алыс барбай эле быйылкы ЖРТнын жыйынтыгын алсак, 58 окуучунун 13ү дал ушул билим берүү мекемесин бүтүргөндөр экен. Мен бул жерде бир гана ЖРТнын жыйынтыктары боюнча айтып жатам. Болбосо, ар кайсы предметтер, айрыкча азыркы учурда өтө орчундуу болуп турган СТЕМ багытындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда да дал ушул “Сапаттын” окуучулары байгелүү орундарды багындырып келе жатышканын угуп, сыймыктанып калам» , — деди президент.

Жапаров мындан тышкары, өлкө боюнча кесипкөй адистердин, кесипкөй кадрлардын тартыштыгы бар экенин айтты.

Бул үчүн мектептерде билим пайдубалын бекем түптөп, андан ары жогорку окуу жайларды ийгиликтүү бүтүргөн билимдүү жаштардын арбын болушу талап кылынууда.

Мындан улам, мамлекет “Эл үмүтү” стипендиясын уюштурганын эске салды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM