Биз менен байланышыңыз

УКМК телеканалдын журналисттери пара алууга шектелип кармалганын кабарлады

Кыска кабар | 10 Июл 2024 | 396 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети телеканалдардын биринин журналисттери пара талап кылгандыгы үчүн кармалганын кабарлады.

УКМК айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери тарабынан кесиптик ишмердигинен пайдалануу аркылуу өлкө жарандарынан аброюна шек келтирүүчү мүнөздөгү видеоматериалдарды жарыялайбыз деп коркутуп, системалуу түрдө пара талап кылуу фактысы аныкталганын билдирди.

«Учурда Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгы менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан жолдордогу мыйзам бузууларды каттоого багытталган рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Деген менен ММКнын айрым кызматкерлери тарабынан рейд учурунда тартылган видеоматериалдар кийин айдоочуларды шантаж кылуу жана опузалап акча талап кылуу үчүн колдонулуп, мындай учурда жарандар коомдук айыптоого жана кадырын кетирүүгө жол бербөө максатында талап кылынган акча каражаттарын берүүгө аргасыз болушууда», — деп айтылат маалыматта.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында өлкөдөгү телеканалдардын биринин кызматкерлери Ж.Н.А. жана И.T.M. шантаж жана коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерден анын катышуусундагы видеоматериалдарды алып салуу үчүн акча талап кылышкан. Ошол эле учурда, алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн, алардын алдында карыздык милдеттенмелери бар экендиги жөнүндө милдеттеме жазууга мажбурлашып, анын унаасын күрөөгө мыйзамсыз ээлеп алышкан.

9-июль күнү алар 2 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын өткөрүп жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган фактыга тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо боюнча зарыл болгон иш-чаралар комплекси жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат кайсы телеканалдын журналисттери кармалганын ачыктаган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM