Биз менен байланышыңыз

Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды

Кыска кабар | 10 Июл 2024 | 196 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековду 3-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун мындай чечими 6-июлда кабыл алынганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Афтандил Сабырбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлууда.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда өлкө башчынын жакыны Лаззат Нургожоеванын жигити кармалганын тастыктап, ал тууралуу маалымат учак менен кыздын колун сурагандан кийин белгилүү болгонун билдирген. 

«Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку  бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар.  Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат», — деп билдирди ал.

Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити колун тик учак менен барып сураганы коомчулукта катуу талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM