Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан 355 миң долларды мыйзамсыз алып чыгууга шектелген кытай жараны кармалды

Кыска кабар | 9 Июл 2024 | 145 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 1971-жылы туулган Л.Д. аттуу кытай жараны Кыргызстандан «Достук автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу тиешелүү документтер жана бажы декларациясы жок 355 миң АКШ долларын алып чыгууга аракет кылганын аныктады.

Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жактаны кабарланды.

Атайын кызмат Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы токтомуна ылайык, Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынганын эске салды.

Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга беш миңден көп накталай АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынган.

Кыргызстандын жарандарына 10 миңден көп накталай долларды алып чыгууга болбойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM