Биз менен байланышыңыз

Ноокаттагы селден кеминде 55 электр чубалгысынын тирөөчтөрү жабыркады

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 201 | 0

Ош облусунун Ноокат районунун селден жапа чеккен калктуу конуштарында «Ош электр тармактары» ишканасынын кызматкерлери электр энергиясын калыбына келтиришүүдө. Бүгүн, 1-июлга  карата Ноокат районунда алдын ала маалыматтар боюнча селден 10 кВ электр чубалгысынын 55 тирөөчтөрү жабыркаган.

Учурда электр энергиясы өчүрүлгөн дээрлик бардык абоненттерге электр энергиясы берилип, бир гана Турбаза абоненттери калды, ал жерде иштер уланууда.

Селдин алгачкы күндөрүнөн тарта Ноокат, Араван, Ош, Сулайман-Тоо» жана башка РЭТтердин авариялык-калыбына келтирүү топтору, 15 атайын техникасы менен 40 техникалык кызматкерлер  иш алып барышууда.

28-июнда катуу жааган жаадан улам Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM