Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик мекемелерди «Бишкекнаабайкана» ишканасы нан менен камсыздайт

Кыска кабар | 27 Июн 2024 | 146 | 0

«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы республикалык бюджеттен жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылана турган мамлекеттик органдар, мекемелер, ишканалар, уюмдар үчүн нан жана кондитердик азыктарды өндүрө турган болду.

Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекнаабайкана» ишканасы өндүрүш аянты жана кубаттуулугу боюнча борбордо жана Чүй облусунда нан бышыруу тармагындагы ири ишканалардын бири.

Компания 2008-жылы нан жана нан азыктарын, кондитердик жана башка азыктарды өндүрүү, сатуу максатында калктын социалдык аялуу катмарын, муниципалдык мекемелерди жеткиликтүү баада нан азыктары менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Учурда ишкана суткасына 7 миң даана бөлкөнү ташуу иштерин жүзөгө ашырат, ошол эле учурда өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 20 миң бөлкөнү түзөт. Ишкана нандын үч түрүн чыгарат: ак, боз жана кара буудай наны.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM