Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

Кыска кабар | 22 Июн 2024 | 212 | 0

Бүгүн, 22-июнда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш аземи өттү.

Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги “Ала-Тоо” кинотеатрынын чыгыш тарабына орнотулду.

Айкелдин ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов жана Чокморовдун жакындары, замандаштары, бир катар маданий ишмерлер катышты.

Эстелик Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонду тарабынан уюштурулган марафонго түшкөн акчанын эсебинен жасалып, 3 миллион 250 миң сом каражат жумшалган.

2017-жылы СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулуп, бирок коомчулуктун сын-пикирлеринен улам 2019-жылы скульптура алынып, эстеликти алмаштыруу чечими кабыл алынган.

Андан кийин “Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд” сынак жарыялап, анын жеңүүчүсү скульптор Азамат Абдрахманов аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM