Connect with us

Бишкекте түн ичинде унаага катуу үн чыгаруучу каражаттарды орнотуп алган айдоочулар кармалды

Кыска кабар | 22 Июн 2024 | 572 | 0

Бишкек шаарында түн ичинде унаанга катуу үн чыгаруучу каражаттарды орнотуп алган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

“Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү шаар ичинде жарандарыбызга түнкүсүн уйку бербей, оорулу жарандардын, кары-картаң апалардын тынчын алып, унааларына катуу үн чыгаруучу каражаттарды орноштуруп алган 5 айдоочуну кармашты”,-деп айьылат маалыматта.

Аларга Укук бузуу Кодексинин 194-беренесине ылайык, мыйзамсыз жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдууларды орнотуп алгандары үчүн ар бирине 5500 сомдон айып салып, унааларын айып короо жайына токтотушту.

буга чейин, жарандардын тынчтыгын бузган адамдарга айып салууну караган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште сунушталып, биринчи окууда жактырылган. Авторлорунун бири депутат Дастан Бекешев белгилегендей, жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же үйлөрдүн жанында жайгашкан кафе, бар жана ресторандардан чыккан ызы-чууга көбүрөөк даттанышат. Долбоорго кошумча түн ичинде унааларын каттуу үн менен айдагандарга да чара көрүү, түнкүсүн салют атууну тыюу сыяктуу сунуштар айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM