23-июндан тарта Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисинде капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Жол оңдоо иштери бир нече этап менен ишке ашат.
Ага ылайык, биринчи этабында Жибек-Жолунун Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки түштүк тарабы жабылат.
Унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат.
Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 3,2 чакырым.