Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте өлкөнүн медициналык абалы талкууланды

Ден соолук | 21 Июн 2024 | 971 | 0

Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өлкөнүн медицина тармагындагы абал талкууланды. Муну менен катар жакында өтө турчу Медицина кызматкерлерлинин күнүнө карата бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу уюштурулду. Иш-чарага аталган окуу жайдын алдыңкы бүтүрүүчүлөрү катышып, өлкөнүн медицина жаатындагы жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү талкуулашты.

Бүгүн И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык акамедиясында 1984-жылы окууну бүткөндөрдүн жолугушуусу өтүп, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы бир катар маселелер талкууланды.

Медицина илимдеринин доктору, Улуттук Онкология борборунун Көкүрөк ооруларынын башчысы Мукаш Бейшенбаев бүгүнкү иш-чаранын максатына токтолуп, өлкөнүн медицина тармагында бир катар жылыштар болуп жатканын айтты.

«Бүгүнкү болуп жаткан майрамыбыздын негизги максаттары көп. Биринчиден, институтту бүткөнүбүзгө 40 жыл болуптур. Экинчиден, алдыбызда Кыргызстандын медиктеринин майрамы турат. Медиктер майрамы мурунку Советтер Союзу, Орусия, Казакстан жана бир канча өлкөлөрдө дагы белгиленет. Эми кыла турган жумушубуз калкыбыздын ден соолугу болгон үчүн, өкмөттүн кылып жаткан ишине кошумча кылып, колубуздан келишинче иштеп жатабыз. Азыр айтып жатпайбы, врачтар жетишпейт деп, шартка жараша көпчүлүгү сыртка чыгып кетип жатат. Бирок бул жерде дагы күндөп-түндөп калкыбыздын ден соолугуна өмүрүн, ден соолугун арнап, иштеп жүргөндөр толтура». 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын облустарындагы ооруканаларда дарыгерлер жетишсиз бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө бир жыл ичинде 1500 дарыгер ишинен кеткен. Ошондой эле 2022-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарына 1 миң 771 дарыгер жана 4 миң 260 атайын орто билимдүү адис жумушка алынса, 1 миң 592 дарыгер жана 3 миң 908 атайын орто билимдүү адис жумуштан кеткен.

Министрлик кадр маселесин чечүү үчүн бир катар иш-чараларды аткарып жатканын билдирет. Ал эми адистер бул көйгөй көп жылдан бери көтөрүлүп, эч кандай майнап чыкпаганын айтышат.

Медицина илимдеринин доктору, профессор, паталогия-анатомия кафедрасынын башчысы Ишенбек Сатылганов учурда өлкөнүн медицина тармагында жылыштар бар экенин белгилеп, ошол эле учурда кемчиликтер да жок эмес деп эсептейт.

«Медицина боюнча албетте, айтыш кыйын. Бир тараптуу айтуу болбойт. Анткени кээ бир жактарында жакшы жылыштар, кемчиликтер дагы бар. Биз алдыга умтулушубуз керек. Бирок бизде кудайга шүгүр эгер биздин медициналык академияны айтсак, жакшы жылыштар аябай көп. Кадрдык саясат, техникалык камсыздандыруу жагынан жакшы жетишкендиктер болуп, азыр өзүбүздүн клиникалык база курулуп жатат. Медициналык академия – Кыргызстанда медициналык билим берүүнүн флагманы болуп эсептелет. Азыр толтура менчик клиникалар ачылып кетти, эми аны жамандабайм, бирок андагы билим берүүнүн сапаты, сабак берип жаткандары, мугалимдери кандай экенин убакыт көрсөтөт».

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде.

Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институтунун Ангионеврология бөлүмүнүн башчысы Атыркүл Чекирова акыркы жылдары практикага келген ординаторлордун билим деңгээли жогорулаганы байкалганын айтат.

Муну менен катар Кыргызстанда оор операциялар жасала баштаганын белгиледи.

«Медицинанын абалы чынын айтканда алдыга жылып атат. Мисалы орто жерде бизге клиникалык ординаторлор келишчү, алардын билим деңгээли төмөндөп кеткен. Кийинки 3-4 жылдан бери келген ординаторлордун билим деңгээли жакшы, аракет кылып, окуп жатышат. Мурдагыга караганда бир топ жетишкендиктер бар. Жакында эле боорду трансплантация кылышты, бул дагы жетишкендик деп ойлойм. Жүрөккө стенд коюлду, оор операциялар жүргүзүлүп жатат. Пластикалык операциялар да жасалып жатат, бул дагы чон жетишкендик».

Азыркы кыргыз медицинасынын көйгөйлөрү тууралуу Патанотомия кафедрасынын профессору Болот Жаналиев бүгүнкү күндө медицина жаатындагы көйгөйлөргө токтолуп, негизи көйгөй каражат маселеси экенин айтты.

«Бир тараптуу айтыш кыйын, көп көйгөйлүү маселелер да бар, жетишкендиктер дагы бар. Ошонун баары такалып келип эле каржылоого келет да. Ушундай ийгилик менен барсак, буюрса 5-10-жылда биз дагы жакшы деңгээлге жетип калабыз. Мурункуга салыштырмалуу жылыш бар. Албетте, мурунку көйгөйлөрдү бир күндө чечиш кыйын, акырындан болот. Азыркы учурда жакшы операция жасай турган техникалар керек, алар кымбат баалуу. Дарт аныктоо боюнча дагы кымбат жабдыктар керек, ошолорду алып койсок жакшы болмок. Экинчиден, дарт аныктоо үчүн бардык эле бейтаптар Бишкекке келип жатат. Аны деген элет жерге койсок, бул маселе чечилет».

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча көйгөй кандай чечилип жатканы тууралуу маалымат берген.

Анын айтымында, «Жаш дарыгердин депозити» программасына 175 адис катышып, аларга чейрек сайын аймакка жараша 32-35 миң сомдон кошумча каражат берилет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 1700 дарыгер жетишпейт.

Copyright © 2017 Maral FM