Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Кыска кабар | 12 Июн 2024 | 303 | 0

Бишкек шаарында Байтик баатыр жана И. Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Буга байланыштуу 13-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн О. Медеров жана М.Горький көчөлөрү менен чектелген бөлүгү жабылат.

Ал эми И. Ахунбаев көчөсүнүн А. Малдыбаев жана К. Тыныстанов менен чектелген бөлүгүндө 15-июндан тарта унаа кыймылы үчүн чектөө коюлуп, жол оңдоо иштери башталат.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн А. Токтомбаевден А. Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына асфальттын экинчи катмары басылууда. А. Сүйөркулов жана О. Медеров көчөсү менен чектелген аралыкта асфальт басууга даярдык жумуштары жасалууда.

Ал эми И. Ахунбаев көчөсүнүн Ч. Айтматовдон А. Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. А. Токтоналиевден А. Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.

Бул эки көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM