Биз менен байланышыңыз

12 жылдык окуу: бакчадагы даярдоо классы да 1-класс деп эсептелет

Билим-маданият | 11 Июн 2024 | 2358 | 0

Бала бакчанын даярдоо тайпасындагы мектепке даярдык жылы 12 жылдык окуунн курамына кирет. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматына караганда, бала дароо 1-класста окуду деп эсептелет. Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөнүн билим берүү тармагына, анын ичинде 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 40 млн доллар акча каралууда. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүүнүн жаңы системасына өтүүдө балдарды кабыл алуу үчүн мектептерде орундар жетишсиз экенин айтышууда. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык окуу боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Гүлкан Молдобаева бүгүнкү күндө өлкөдө мектептердин саны жетишсиз экенин, жаңы системанын негизинде балдарды кабыл алууда орундар аздык кыларын айтты.

Ал министрге кайрылып, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөн мурун ушундай маселелерди чечүү керектигин сунуштады.

«12 жылдык дегенде 1-класстан баштап 12 жыл деп түшүнбөшүбүз керекпи? 6 жашар баланы бала бакчадан даярдалган жылды 12 жылга кошуп жатабызбы? Долбоор ишке аша турган болсо, 6 жаштагы баланы 1-класс деп туруп, мектепке алып барабыз да туурабы? Бала бакчаларыбыз жетишсиз. Өлкөнүн көп эле жерлеринде жетишсиз. Такыр бала бакчага барбаган балдар кандай болот? Азыр 6 жашка келип калса эмне болот? Мектепке чейинки билим албаса деле 1-класска бара береби?».

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, азыркы даярдоо классы 1-класс деп аталат, бала бакчалардагы даярдоо тайпасындагы балдар да 1-класста окуду деп эсептелет.

Министр бүгүнкү күндө бала бакчалардын, мектептердин жетишсиздиги боюнча маселелердин чечүү жолдору каралып жатканын белгиледи.

«Жетишпестик маселеси бар. Аны чечүүнүн дагы жолу бар. 500гө жакын библиотекалардын базасында кыска мөөнөттүү өнүктүрүү курстары иштеп жатат. Ошондой эле 200гө жакын бир сменадагы мектептер бар. Баарына кошумча класстарды жөн эле ача алышат. Ал эми жогорку класстарда, айрыкча Бишкек шаарында балдардын жыштыгы көп, абал оор. Бирок быйыл өкмөттүн чечими менен шаардын айланасындагы окуучулар көп болгон мектептер салына баштады. Ошол эле учурда 0-класстын балдары болгону 3 саат гана окушат».

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн билим берүү тармагына, анын ичинде 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча Азия өнүктүрүү банкынан 40 млн доллар акча берилип жатат. Бул каражаттын жарымы — 20 млн доллар кайтарылгыс грант түрүндө берилет, калганы 32 жылга 1-1,5 пайыз үстөк менен насыя түрүндө.

Депутат Илимбек Кубанычбеков учурда өлкө боюнча балдардын 28 пайызы гана бала бакчага барарын белгиледи.

Айтуусунда, айыл жергесинде балдардын көпчүлүгү бала бакчага барбайт. Бул балдар мектепке барып, дароо 1-класска отурганын сындады.

«Мектепке чейинки курактагы балдар улуттук баалуулуктар боюнча балдар өзгөчө зээндүү болушат. Ошондой эле акылы тунук, көп маалыматты сиңире алган куракта болот. Ошол балдар бала бакчага барбастан, көчөдө жүрүп, тамга тааныбай кантип барып окушат. Фундамент жакшы болбосо, кантип алар кийинки маалыматтарды өздөштүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 28 гана пайыз бала бала бакчага барат. Бул өкүнүчтүү. Мисалы айылда бала бакчага балдар өтө эле аз. Көчөдө эле жүрүп, дароо мектепке барып, кантип өздөштүрүп кетишет».

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча «Алтын казык» деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Президент Садыр Жапаров жаңы программа мамлекеттин келечегин аныктай тургандай болушу керектигин айткан.

Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Ал эми мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат.

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окууга баруу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.

Copyright © 2017 Maral FM