Биз менен байланышыңыз

Күндүн табы көтөрүлөт. 10-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом , Кыска кабар | 9 Июн 2024 | 497 | 0

Эртең, 10-июнда Ошто түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт. Күндүзү 38° чейин ысык болот. Ошондой эле  күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр  жаайт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34,

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26.

Бишкекте күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 31…33 градуска чейин ысыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM