Эртең, 10-июнда Ошто түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт. Күндүзү 38° чейин ысык болот. Ошондой эле күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34,
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…38,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26.
Бишкекте күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 31…33 градуска чейин ысыйт.