Биз менен байланышыңыз

14-июндан тарта Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы ишке кирет

Кыска кабар | 8 Июн 2024 | 384 | 0

14-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташыган поезд Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы ишке кирет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлады.

Маалыматка караганда, поезд 14-июндан 14-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттайт. 15-июлдан тарта августтун аягына чейин күн сайын жүрөт.

«Поезд Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:46да жетип калат. Балыкчыдан кайра саат 18:12де чыгып, Бишкекке 22:18де келет. Поезддин ичинде кондиционер, жумшак отургучтар, дивандар жана буфет бар», — деп айтылат маалыматта.

Баасы:

Кадимки вагондордо 5 жашка чейинки балдарга акысыз;

5-10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом;

10 жаштан жогорку курактагы жүргүнчүлөргө 150 сом.

Люкс вагонунда деле 5 жашка чейинки балдарга акысыз;

5 жаштан 10 жашка чейинкилерге 250 сом;

10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө 500 сом.

VIP-вагондо 5 жашка чейинкилерге акысыз;

5 жаштан 10 жашка чейинкилерге 400 сом;

10 жаштан жогорку курактагы жүргүнчүлөргө 800 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM