Биз менен байланышыңыз

Баймурза Маатов башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыска кабар | 8 Июн 2024 | 212 | 0

Баш прокурордун биринчи орун басары алмашты. Президент Садыр Жапаров кол койгон бурукка ылайык, Улукбек Султанов баш прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Баймурза Маатов баш прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ошондой эле Малик Бектурганов да баш прокурордун орун басары болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент 6-июнда Максат Асаналиевди Кыргызстандын баш прокурор кызматына бекиткен.

5-июнда Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевдин талапкерлигин карап, депутаттар бир добуштан колдогон.

Мунун менен ал Кыргызстандын 17-башпрокурору болгону турат. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM