Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан менен Малайзия тең чыкты

Кыска кабар | 7 Июн 2024 | 334 | 0

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын улуттук курама командаларынын оюну тең чыгуу менен аяктады.

Оюндун биринчи бөлүгүндө Гүлжигит Алыкулов гол киргизип эсепти ачты. Биринчи бөлүк аяктап калганда авто гол киргип эсеп теңелип, оюн 1:1 менен жыйынтыкталды.

Оюнга 14 миңден ашуун адам келди.

2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өтүп жаткан  мелдеште кыргыз спортчулары кызыл, малайзиялыктар сары түстөгү формада талаа бетине чыгышты.

2023-жылы 16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында талаа ээлерине 4:3 эсебинде жеңилип калган.

Биринчи голду Малайзиянын командасы киргизген. Оюндун 42-мүнөтүндө Кыргызстан эсепти теңдеп, ал эми 44-мүнөттө алдыга чыккан. Эсеп 1:3 менен келе жатканда голдор арты-артынан кирип, беттеш 4:3 эсеби менен аяктаган.

Ошондой эле өткөн жылы 21-ноябрда Бишкекте кыргыз футболчулары Омандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңип алган.

Оюндун экинчи бөлүгүнүн 49-мүнөттүндө жарым коргоочу Одилжан Абдрахманов гол киргизген.

Эскерте кетсек, Кыргызстан командасынын рейтинги жакшы болгондуктан мелдешти квалификациянын биринчи эмес, экинчи турунан баштады. Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына түштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM