Биз менен байланышыңыз

Депутат самокат жана мотоциклдердин ылдамдыгын чектөөнү сунуштады

Кыска кабар | 6 Июн 2024 | 296 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Бишкек шаарында жөө адамдар жүрүүчү жолдордо (тротуар) самокат айдагандар жана курьер кызматында иштегендер жогорку ылдамдыкта жүргөнүн, шаардык мэрия атайын белгилерди орнотуусу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 6-июндагы жыйынында айтты.

«Бишкек шаарында жөө адамдар жүрүүчү жолдордо тургундар өзгөчө көйгөйлөргө туш болушат. Жөө адамдар жүрүүчү жолдордо кыймыл көп болууда. Анда мотоциклдер, ижарага берилген самокаттар, тамак-аш ташып иштегендер жогорку ылдамдыкта айдашат. Бишкек шаарынын мэриясы же өкмөт кырсык болгончо тез аранын ичинде кандайдыр бир чара көрүүсү керек. Себеби мунун кесепети оор, балдар куласа оор жаракат алып калуусу мүмкүн. Ошондуктан жолдорго атайын чектөөчү белгилерди коюу зарыл»,-деди ал.

Ушул жылдын 24-апрелде Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө «мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды колдогон.

Мыйзам долбооруна ылайык, электросамокаттардын жүрүүсү үчүн атайын тилкелер бөлүнүп, аларга жогорку ылдамдык чеги коюлушу керек.

Ошондой эле электр самокаттарын колдонгондор тарабынан жол эрежеси бузулган учурда миң сом айып салуу, мас абалында эреже бузгандарга 3 миң сом айып салуу сунушталган.

Демилгечилер акыркы мезгилде электр самокаттарынын катышуусунда жол кырсыктарынын жана жабыркагандардын саны көбөйгөнүн белгилешет. Бирок ошол эле учурда жол кыймылы жана транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарда электросамокат деген түшүнүк жок болгондуктан аларды пайдаланууда келип чыккан мамилелер жөнгө салынган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM