Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мурдагы вице-мэри Максат Сазыкулов тилкаттын негизинде эркиндикке чыкты

Кыска кабар | 6 Июн 2024 | 304 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Максат Сазыкуловду эч жака чыкпоо тилкаттын негизинде эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Биринчи май рйондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 30-майда кабыл алынган.

Максат Сазыкулов ушул жылдын апрель айында УКМК тарабынан кармалган. Ал мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалганын УКМК 15-апрелде маалымдаган.

Ал ишкердик субъектиге негизсиз жана мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштурууга айыпталууда.

Тактап айтканда, шаардын ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ишкерге бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң АКШ долларын түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM